Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Синдзо Абэнин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 847 | 0

Президент Садыр Жапаров Япониянын экс-премьер-министр Синдзо Абэнин каза болгондугуна байланыштуу азыркы өкмөт башчы Фумио Кисидага көңүл айтты.

Жапаровдун айтымында, бул дүйнө коомчулугу үчүн чоң жоготуу.

«Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат. Аны жоготуу аны билгендердин бардыгы үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли Япония эли менен бирге аза күтөт», — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Бүгүн саат 11:30 чамасында Синдзо Абэ Нара шаарында элдин алдында сөз сүйлөп жатканда белгисиз бирөө ага ок аткан. Экс-премьер-министр эсин жоготуп, ооруканага жаткырылган. Октон алган жараатынан улам ооруканада көз жумганын жергиликтүү маалымат булактары жазды. Полиция кылмышка шектүү катары 41 жаштагы жаранды кармады.

Синдзо Абэ 67 жашта болчу. Ал Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган өкмөт башчы катары белгилүү.

2020-жылдын 28-августунда 7 жыл 8 ай бою өкмөттү тынымсыз башкарган Синдзо Абэ ден соолугунун начарлашына байланыштуу кызматтан кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM