Биз менен байланышыңыз

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 1454 | 0

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ ооруканада каза болду. Бул тууралуу NHK телеканалынын сайтына жазылды.

Бүгүн саат 11:30 чамасында Синдзо Абэ Нара шаарында элдин алдында сөз сүйлөп жатканда белгисиз бирөө ага ок аткан. Экс-премьер-министр эсин жоготуп, ооруканага жаткырылган. Ок далысына тийгени, абалы оор экени айтылган.

«Киодо» маалымат агенттиги билдиргендей, кол салууга байланыштуу кризистик штаб түзүлгөн. Полиция кылмышка шектүү 41 жаштагы жаранды кармаган.

Синдзо Абэ 67 жашта болчу.

Ал Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган өкмөт башчы катары белгилүү.

2020-жылдын 28-августунда 7 жыл 8 ай бою өкмөттү тынымсыз башкарган Синдзо Абэ ден соолугунун начарлашына байланыштуу кызматтан кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM