Connect with us

Өзбекстан Каракалпакстандын эгемендигин сактап калат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 801 | 0

Өзбекстандын парламенти Каракалпакстандын эгемендигин өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүү долбоорунда сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул чечимди өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы Telegram баракчасына жарыялаганын Lenta.ru. басылмасы жазды.

Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө каршы демонстрациялардан кийин миңдеген адам ооруканага жаткырылды.

Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды, бирок жараат алгандардын так саны айтыла элек.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин телеграм каналында айтылгандай, Каракалпакстандагы баш аламандыктын натыйжасында, карапайым калк жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында курмандыктар бар.

Шавкат Мирзиёев бул окуяга «Конституциялык реформаларга каршы чыгуу шылтоосу менен агрессия жана зордук-зомбулук жолун тандап, Өзбекстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга жана бузууга аракет кылып жаткан кээ бир кара ниет күчтөрдү» айыптады.

Эске салсак, Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанда 2-августка чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Мындай чечимге өлкөнүн түндүк-батыш аймагындагы баш аламандыктар себеп болгон.

Нааразылык акциялары 1-июлда өкмөт референдумда аймакты эгемендүүлүктөн жана Өзбекстандан бөлүнүү укугунан ажыраткан жаңы Конституциянын долбоорун сунуштагандан кийин башталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM