Биз менен байланышыңыз

«Көчмөн» бизнес аянтчасы. Нукура азыктардын көргөзмөсү өттү

Экономика | 4 Июл 2022 | 882 | 0

JIA бизнес ассоциациясы 2-3-июль күндөрү «Көчмөн бизнес аянтча-2022» аталышындагы форумун Ысык-Көлдө өткөрдү. Буга чейин ушундай эле иш-чара Талас облусунда уюштурулган.

«Көчмөн» форумун өткөрүүнүн максаты, активдүү иш-чаралар аркылуу команданын биримдигин чыңдап, өлкө аймактарындагы ишкерлердин бири-бири менен таанышуусуна, пикир алмашуусуна, кызматташуусуна шарт түзүү болуп эсептелет.

ЖИА бизнес ассоциациясынын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси Нурдин Райымкулов, форумдун жыйынтыгында өлкө ичиндеги ишкерлердин алакасын чыңдоо менен бирге, облустар арасындагы сооданы жакшыртуу үмүтү бар экенин айтты.

Бул форум эки жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, биринчиси Талас облусунда өткөн. Экинчиси Ысык-Көл жергесинде болууда. Негизи биз ассоциация катары ишкерлердин мамилесин, кызматташуусун бекемдөөгө басым жасайбыз. Бул максатта башка дагы иш-чараларды өткөрүп келебиз. «Көчмөн» форуму да ушуну көздөйт.

Эки күндүк программа даярдалган, расмий бөлүгүндө аймактарга инвестиция тартуу жөнүндө пленардык талкуу, Ted Talks форматында ишкерлер үчүн беш спикерден беш башка темада пайдалуу маалыматтар берилди. 

Иш-чаранын бейформал бөлүгү Кырчын жайлоосунда улантылып, анда улуттук оюндар ойнотулуп, төкмө акындардын ыры угулуп, эс алышты. Ишкерлер эс алуу учурунда да мамилесин бекемдеп, кызматташуу тууралуу баарлашканы абдан пайдалуу. 

«Көчмөн бизнес аянтча-2022» иш-чарасынын биринчи күнү Кыргызстандан чыккан өндүрүштөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Анда өлкөнүн жети облусунан келген ишкерлер өз товарлары жөнүндө айтып беришти.

Чүй облусунун Сокулук районунан келген Жанар Алкожоева, 26 жылдан бери дары чөптөрдүн түрлөрүн чыгарат. Учурда 100дөн ашык түрүн иштетип, чыгарышат. «Фитолексредства» жоопкерчилиги чектелген коомун түзүп, дары чөптөрдү таңгактап, сатыкка чыгарышууда. Шыпаа чөптөрүн Суусамыр, Чоң-Кемин, Алай өрөөндөрүнөн теришет. Бүгүнкү күндө чөптөрдүн түрүнөн жасалган чайды Японияга экспорттоодо.

Ата-бабаларыбыздан калган чөптөрдүн касиети күчтүү. Алар табигый, эч кандай жер семирткич кошулбай өсөт. Аны биз терип келип, кайра иштетебиз. Мисалы, мына илгертен колдонулуп келген көчмөндөр чайы бар. Ал беш түрлүү чөптөн жасалат. Көкөмерен, сары чай чөп, көк чай чөп, жалбыз, лимон жалбызы кошулат. Бул ата-бабаларыбыздын рецеби. Чайды тамакты сиңирүүчү деп коебуз, маселен, бешбармак жегенден кийин аны аш кылууда кыйналып калышат, ошондо ичсе болот. Кан басымын түшүрүп да, көтөрүп да жибербейт. Биз чөптүн сабагын кошпойбуз, жалаң жалбырагынан, гүлүнөн жасайбыз. Менин дары чөп чайларым Ош, Баткен облусунун аймагына чыга элек. Ошол себептен көргөзмөгө кардар табуу, кызматташуу, товарларым жөнүндө тааныштыруу максатында келдик.

 Ал эми Талас облусунан келген Адилет мырза, Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин «Бир айыл-бир продукт» долбоорунун облустагы координатору. Ал көргөзмөгө таластык ишкерлердин товарларын алып келди.

Таластын бренди бул, албетте, төө буурчак. Ишкерлер төө буурчактын өзүн эле экспорттобостон андан бир топ натуралдуу азыктарды жасап жатышат.

Бул жерде төө буурчактан жасалган печенье турат, ага учурда суроо-талап көп, башка мамлекеттерге сатылып жатат, «Манас» аэропортунан көп заказ түшөт. Андан тышкары, эт кошулган төө буурчак, бул консервацияланган продукт, аябай популярдуу. Үч жылга чейин сакталат.

Төө буурчакты ун кылып жасадык, жарым фабрикат катары, андан каша же шорпо жасаса болот. 

Таласта алма көп, алмадан чипсы жасадык, даамы аябай жакшы. 

Кара өрүк алып келдик. Жалал-Абадда кайнаалы деп коет, Таластыкы эттүү жана даамдуу келет. Бул да үч түр боюнча таңгакталган, бир топ жылга чейин сакталат. Учурда экспортко чыгарылып жатат, суроо-талап абдан көп. 

Таластын жаңгагынан таттуу жаңгак деп жасап жатышат, Грузияда да ушинтип чыгарышат экен, биз аталышын өзгөртүп койдук. Ичи жаңгак, сырты алманын ширеси.

Ушул сыяктуу товарларды алып келдик. Атамекендик өндүрүштөрдү жайылтуу керек. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өндүрүштү экспортко чыгарууга көлөм аз, ошол себептен туруштук бербей жатат. Мамлекеттен колдоо болсо өндүрүштү көбөйтмөкпүз. 

Чынара Разыкова ЖИА бизнес ассоциациясы уюштурган «Көчмөн» форумуна Жалал-Абад облусунан келди. Ал Иран технологиясы менен жасалган таттууларды көргөзмөгө койду. «Багери таттуулары» деген аталыштагы өндүрүш 18 жылдан бери чыгарылат.

Биздин продукция табигый азыктардан жасалат. Ошол себептен сакталуу мөөнөтү аз болот. Бул көргөзмөгө бираз көбүрөөк сакталгандарын алып келдик, тортторду алып келе алган жокпуз. Негизи өлкө аймагында сатыкка чыгат. Ысык-Көл тарапка чыга элек экенбиз, бүгүнтөн тарта өзүбүздүн ишкана тууралуу маалымат берип, жайылтууну, кызматташууну максат кылып турабыз. Азыр жеп көрүп, даамы соонун экен деп, визиткаларыбызды алып жатышат.

Ысык-Көлдө чыгарылган сүт азыктары тууралуу айтсак, «Ак-жалга» заводунан чыккан сырдын түрлөрү учурда Орусия, Казакстанга экспорттолот. Маркетолог Чыңгыз мырзанын айтуусуна караганда, көргөзмөгө сыр жана майдын бир канча түрү коюлду.

-Учурда биздин азыктар өлкө ичинде жана чет жактарга сатылат. Мындай көргөзмөлөргө да дайыма катышабыз. Бүгүн жети облустан келишкен ишкерлер жүрүшөт, биз да азыктарыбызды таанытуу максатында келдик. 

«Көчмөн» бизнес аянтчасына Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов да катышып, мамлекет ишкерлерди дайыма колдоого даяр экенин айтты.

ЖИА бизнес ассоциациясына мүчө ишкерлер өлкөдө ак ниет иштеп, жумуш орундарын түзүп, салыктын  түшүүсүнө, кызматташууну арттырууга аракет кылып келерин белгиледи:

-Сиздердин жасаган иштериңиздер боюнча менин маалыматым бар, араңыздардагы көп жигиттер менен ага-инилик мамиледебиз. ЖИА — өз киндигин өзү кескен, жоктон бар кылган, өзү бутуна турган ишкерлердин биримдиги. Өлкөдөгү ири ишкерлерден айырмаңыздар, өзүңөрдү өзүңөр жасагансыңар. Себеби өлкөдө мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип байыган ишкерлер да бар. 

Сиздер кылган эң чоң иштердин бири жумуш орундарын түзүп жатасыздар, бул үчүн ыраазычылык билдиребиз жана дайыма колдоп, коргоого даярбыз. 

Жогоруда айтылгандай «Көчмөн» бизнес форумунун экинчи бөлүгү улуттук оюндарды ойноо менен улантылды. Анда төкмө акын Кубат Тукешов, акын Акбар Кубанычбеков жана башка өнөрпоздор катышкан чакан концерт да өткөрүлдү.

Уюштуруучулар кезекти Ош облусуна беришти. Бул иш-чараны жыл сайын бардык облуста өткөрүү пландалууда.

Форумга 200дөн ашык ишкер катышты. Алар мындай аянтчалар дайыма пайдалуу болорун айтышты. Себеби ишкер үчүн алака түзүү, тажрыйба алмашуу, көргөзмөлөргө катышуу, өзүн-өзү өнүктүрүү учурдун талабы.

 

Copyright © 2017 Maral FM