Биз менен байланышыңыз

Салык кызматына 32 жыл. Статистикалык маалыматтар

Блог , Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 209 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 1-июлда 32 жылдыгын белгиледи. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу иш-чара өттү. Анда президент Садыр Жапаров Салык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн сыйлады.

Салык кызматы тууралуу маалымат

Мекеме бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону, республиканын алкоголдук рыногун мамлекеттик жөнгө салууну жана ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктарды башкарууну ишке ашыруучу орган. Салык кызматынын 62 аймактык башкармалыгы бар.

Салыктарды жыйноо

Салык кызматынын негизги милдеттеринин бири салык жана башка төлөмдөрдүн эсебинен мамлекеттик бюджетти толтуруу болуп эсептелет.

1990-жылы — 11,3 млн сом,

1995-жылы — 2,4 млрд сом,

2000-жылы — 5,5 млрд сом,

2005-жылы — 8,7 млрд сом,

2010-жылы — 26,3 млрд сом.

2015-жылы — 50 млрд сом,

2020-жылы — 63 млрд сом,

2021-жылы — 106 млрд сом салык чогултулган.

2022-жылы 155,6 млрд сомдон ашык салык чогултуу пландалууда.

Камсыздандыруу төгүмдөрү

2019-жылдан тарта Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Салык кызматына өткөрүлгөн.

Жыл сайын чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы өсүп жатканы айтылды.

2019-жылы — 32,4 млрд сом,

2020-жылы — 33,1 млрд сом,

2021-жылы — 38,4 млрд сом чогултулган.

Ал эми 2022-жылы 41,7 млрд сом чогултуу күтүлүүдө.

Салыктык башкарууну санариптештирүү

Азыркы учурда 2020-жылдын 1-июлунан баштап ишке киргизилген «СМАРТ Салым» системасында бир катар масштабдуу долбоорлор ишке киргизилди.

«Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасы, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, ККМ-онлайн, товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча «Жыйынды пост» системасы жана башка компоненттер киргизилген.

Салыктык кызмат көрсөтүүлөр

Онлайн кызматтар кеңейди. Алсак, маалымкаттарды электрондук түрдө берүү ишке киргизилип, «Э-патент» электрондук сервиси, салык төлөөчүлөр тарабынан электрондук отчёт берүү, анын ичинде бир катар отчётторду бириктирүү ж. б. жакшыртылды.

Салык төлөөчүлөр менен иштөөнүн натыйжасын жогорулатуу, салык төлөөчүлөрдүн салыкчылар менен болгон түз байланышын жоюу максатында «Бирдиктүү терезе» ачылды.

2021-жылдын ноябрь айынан тарта Бишкек шаарынын ишкерлерин тейлөө борбору иштөөдө. Ал жерден ишкерлер кеңештин бардык түрүн жана кызматтардын бардык топтомун ала алышат.

Салык кызматынан тышкары 9 мамлекеттик орган жана бир катар мамлекеттик уюмдар кызмат көрсөтөт.

Salyk.kg «Салык төлөөчүнүн жеке кабинети» жарандарга салык кызматтарын акысыз онлайн режиминде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM