Биз менен байланышыңыз

Саясий оюндардын убагы эмес. Жапаров тышкы карыз тууралуу эскертти

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 319 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында тышкы карыз тууралуу айтты.

Ал азыр тышкы карызды төлөө үчүн каржы булактарын табуу керек деген чоң маселе турарын белгиледи.

«Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сомдун, эмдиги жылы 25 миллиард сомдун тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат», — деди Садыр Жапаров.

Ал саясий упай топтоп, «электорат көбөйтөм» деген саясатчыларга кайрылып, сырткы карыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибинде турарын, айла куруп турган маал экенин эске салды.

«Мындай шартта элдин атынан шайланып, тагылган иш-милдеттерин так аткарып, карапайым калктын койгон талаптарын ишке ашыруу үчүн кандай гана тоскоолдуктар болбосун, алга жыла беришибиз керек. Эң башкысы, элдин камын көргөн ишибиз ак жана так болсо болду. Себеби өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү мол болгон Кыргызстандын жүгүн алга тартып кетүүдө шайлоочуларыбыздын койгон талаптары эң туура», -деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңештин трибунасында өлкөнүн ички жана тышкы карыздары тууралуу маалымат берген. Ал Кытайга болгон карызды төлөй албай калсак, анда Бишкек ЖЭБинин, Датка-Кеминдин, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөрүн эскерткен.

«2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 млн доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 млн долларга чейин мамлекеттик карыз төлөйбүз. Мунун ичинде 80 пайызы тышкы карыз. Биз эмне үчүн консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 400-500 млрд сомго жеткирели деп жатабыз? Тышкы карыздын 50 пайызын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Ал каражатты кантип жана кайдан табабыз деп беш жыл ойлонушубуз керек. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албасак, Бишкек ЖЭБинин, Датка-Кеминдин, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтүп кетет. Тактап айтканда, Кытайдын Эксимбанкы кайсы компанияны тандаса, ошол башкарып калат. Мындай фактылар Пакистан, Шри-Ланка өлкөлөрүндө катталганын жакшы билесиздер», — деген Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM