Connect with us

Жалал-Абадда үй өрттөнүп, бир адам каза тапты

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 287 | 0

Жалал-Абад облусунда үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык Ноокен районунун Коминтерн айылында болгон. ӨКМдин аймактык бөлүмүнө айылдагы Койлубаев көчөсүндөгү үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүргөндөн кийин үй ичине байкоо жүргүзүүдө бир адамдын сөөгү табылган. Ал 1973-жылы туулган А.Н. экени аныкталган.

Учурда өрттүн чыгуу себептери иликтенип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM