Ысык-Көлгө чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, кечээ, 27-июнда Балыкчы шаарындагы «Толкун» кумдуу жээги туштан 16 жаштагы кыз көлгө чөгүп кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Балыкчы шаардык бөлүмүнөн 7 куткаруучу барып, издөө жүргүзгөн. Анын натыйжасында кечки саат 19:20да кыздын сөөгүн көлдөн алып чыгышкан.