Биз менен байланышыңыз

Келечеги кең, эң керектүү 12 кесип

Блог | 25 Июн 2022 | 746 | 0

Саналуу күндөрдөн кийин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгат. 11-класстын бүтүрүүчүлөрдүн баарын алдыда адистик тандоо, кесип табуу жагдайы түйшөлтүп турган учуру. Өмүрдүн ар дайым ийгилик коштоп жүрүшүнүн бир сыры да тандап алган кесипке жараша болору маалым. Анткен менен кесип тандоодо дайыма эске ала турган жагдайлар бар: маселен, тандап алынган кесип эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болушу керек; өзүнүн максаттарын ишке ашырууга жардам бере турган киреше алып келиши шарт; ошол эле учурда сен каалаган, өзүң эңсеген сүйүктүү жумуш болушу маанилүү. Конфуций айткандай: «Өзүңө жаккан жумушту танда, ошондо өмүрүңдө бир күн да иштөөгө туура келбейт».

«Linkedin» ишкерлерди байланыштырган социалдык тармактын жылдык отчетуна ылайык, быйыл медайым, мугалим жана электрондук коммерция адистери эң көп суроо-талапка ээ бойдон калууда.

Дүйнө аябай тез өзгөрүп жаткандыктан, хедхантерлер (жумушчу менен жумуш берүүчүгө ортомчулук кылган кызмат) санариптик маркетинг, VR кызматтары жана ковид-камсыздандыруу адистери келечекте өтө зарыл болорун божомолдошот.

Азыр биз бир нече жылдан кийин сөз боло турган жана талап кылынган 12 кесипти карап көрөбүз. Бул маалымат бүтүрүүчүлөргө өздөрүнө жаккан адистикти табууга жардам берет деп ишенебиз.

Нутрициолог (Диетолог)

Бүгүнкү күндө диетолог — өтө популярдуу кесип. Алар жеке да, медициналык борборлордун базасында да жардам беришет. Алар тамак-аш, туура тамактануу жана азык-түлүктүн ден соолукка тийгизген таасирин билет. Диетологдор диетотерапия жүргүзүп, пациенттерге туура жана пайдалуу тамактануу боюнча кеңеш беришет.

Виртуалдык дүйнөнүн дизайнери

Бүгүнкү күндүн чындыгы ушул: виртуалдуу дүйнө реалдуу жашоону тез алмаштырып баратат. Виртуалдык көз айнекти тагынып алып, ар кандай фантазиялар орун алган параллелдүү дүйнөдө жүрүү айрымдардын кыялына айланууда. Кээ бир өлкөлөрдө илим менен техниканын бул таң каларлык жетишкендиги эчак эле жаңы деңгээлге өткөн. Виртуалдык дүйнө канчалык кызыктуу болсо, «саякатчылар» ал жерде ошончолук узакка калууну каалашат. Ал эми андай дүйнөгө атмосфера жараткан, албетте, дизайнерлер болушат.

Оюн мугалими

Билим берүү чөйрөсү көп учурда өзгөрүүлөргө дуушар болот. Алардын максаты материалды салттуу сунуштоого жаңы ыкмаларды колдонуу же ойлоп табуу болуп саналат. Прогрессивдүү мугалимдер буга чейин балдардын көңүлүн окууга буруу үчүн телефондогу тиркемелерди же популярдуу оюндарды колдонуп келишет. Оюн педагогикасы тематикалык колдонмолорду иштеп чыгууда же балдар менен түздөн-түз иштөөдө туюнтулган оюн жана классикалык окутууну айкалыштырат.

Жеке коопсуздук боюнча адис 

Келечектин чыныгы кесиби. Жеке коопсуздук боюнча адис — кардарынын жашоосун көзөмөлгө алган, ага зыяны тийиши мүмкүн болгон кесепеттерден сактоого жардам берген адам. Ал үй-бүлөнүн өнөкөт ооруларынан кабардар, киберчабуул үчүн программалык камсыздоонун канчалык зарыл экенин баалап, кайсы унаа эң коопсуз болорун жана керек болсо анын кесиптештеринин кимисине сырларын айтпоо керектигине чейин билет. Мындай жардамчы айрыкча, ишкер чөйрөсүндө жүргөндөр үчүн өтө зарыл. Кимдир бирөө ар дайым сиздин коопсуздугуңузга кам көрүп жүргөнүн билсеңиз жашооңуз да ошончолук тынч өтөт.

Жеке турлардын режиссеру

Саякат жасоо көптөн бери ар бир адамдын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган. Бирок буга чейин бир нече жолу чет өлкөдө болгондорду таң калтыруу оңой эмес. Бул жерде жеке турлардын режиссеру жардамга келет. Ал кардардын каалоосуна негизделген өргүү программасын пландаштырат. Ага изилдене элек туристтик жайларды гана эмес, ошондой эле саякаттын оригиналдуу сценарийин түзөт. Мисалы, Мексикага үрөй учурган саякат, Прованстагы романтикалуу демалыш, деңиз-океаны ач акулаларга толгон ээн аралда серфинг жасоо болушу мүмкүн.

Ден соолукка пайдалуу кийим тандоо боюнча эксперт

Ден соолукка пайда келтирүү үчүн аюрведа чөбү менен боёлуп,  таза пахтадан тигилген көйнөктү элестетип көрсөңүз. Ошондой эле түнкүсүн ар кандай оорудан пайда болгон терди өзүнө сиңирип алып, денени кургактап турган пижама. Кызык угулат, туурабы? Чындыгында, бул кийимдер мурунтан эле бар. Кайсы учурда кандай кийим кийүү керектигин түшүндүрүп турган бирөө болгондо… Бактыга жараша, мындай адистер бар, жакында дагы да көбөйөт.

Биоремедиатор

Биоремедиатор — коом жана планета үчүн абдан маанилүү жана керектүү адам. Ал айлана-чөйрөнү тазартуу менен алектенет, тактап айтканда, абаны, чөйрөнү, табиятты булгаган зыяндуу заттарды жок кылуунун жолдорун издейт. Биоремедиаторлор адатта команда менен иштешет. 

Кризис менеджер

Бул адистер кеңседе өрт чыкса, киберкоопсуздук бузулса, жабдыктар иштебей калса, каржылык жоготууларга, банкротко учураса жана башка кырсыктар болуп калса эмне кылышыбыз керек экенин билишет. Күтүлбөгөн жагдайларда алардын планы бар. Кризис менеджерлер көп учурда насыя берүүчүлөр, карызкорлор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, компаниянын кызматкерлери жана ал тургай полиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондуктан алар мыкты баарлашуу көндүмдөрүнө ээ, мыйзамдарды билишет жана өзүнө ишенишет.

Ковид-менеджер

Ковид-19 вирусу дүйнөгө жайылган эки жылдын ичинде компаниялардын уюштуруу түзүмү бир топ өзгөрдү. Алардын көпчүлүгү жаңы кызматка — ковид-менеджерге же жамаатындагы оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө адисине, аймактык саламаттыкты сактоо органына ар дайым кеңешип турушат. Ковид-менеджер пандемия учурунда кызматкерлердин коопсуздук чараларын сакташын көзөмөлдөйт, персоналды өз убагында текшерүүдөн өткөрөт.

Инстаграмда сторис (окуя) тарткан адам

Бүгүнкү дүйнөдө социалдык медиа көңүл ачуучу гана тармак эмес. Көбүнчө, компаниялардын, интернет-дүкөндөрдүн визиттик картасы. Instagram статистикасынын жыйынтыктарына ылайык, колдонуучулардын 70%ы окуяларды (стористерди) алгач көрүп, андан кийин гана аккаунтту карап башташат. Ошондуктан блогерлер өз баракчаларын сапаттуу билдирүүлөр менен толтурууга көп күч жумшашат. Буга таптакыр убакыт жок болгондо, кесипкөй окуя жаратуучулар (сторисмейкер) жардамга келишет. Алар монтаж, анимация, камеранын ракурсу, статистика жана башкаларды жакшы билген адис болуп саналат.

Кибер тергөөчү

Интернет мейкиндигинде да кылмышкерлер болорун уктуңуз беле? Алар төлөм карталары менен алдамчылык операцияларын жүргүзүшөт; автордук укук менен корголгон материалдарды жүктөшөт жана таратышат; колдонуучу жөнүндө жеке маалыматтарды мыйзамсыз чогултушат; жашы жете электерге каршы кылмыштарды жасашат. Кибер тергөөчүлөр интернеттин коопсуздугун камсыз кылууда жана мындай кылмышкерлерди өз убагында табууда чечүүчү роль ойнойт.

Электрондук коммерция боюнча адис

Элестетип көрөлү: сиз бизнес ээси катары өз өнүмүңүздү интернет аркылуу сатуу чечимине келдиңиз. Сиз бир идеяны ойлоп жатасыз, бирок аны кантип ишке ашырууну билбейсиз. Демек, мындайда электрондук соода адисинен жардам сурайсыз. Ал онлайн сатуу жөнүндө баарын билет жана веб-сайтыңыздагы кирешелерди көбөйтүүнүн жана конверсиялоонун эң пайдалуу стратегиясын иштеп чыгууга жардам берет. Мындай адистин негизги максаты компаниянын тармак аркылуу тапкан кирешесин көбөйтүү жана продукт үчүн ылайыктуу онлайн-платформалардын филиалын кеңейтүү болуп саналат.

Технология жаатындагы тынымсыз жаңылануулар шартында эксперттер жакынкы келечекте көпчүлүк таанышкан кесиптердин толук же жарым-жартылай роботтоштурулушун болжолдошууда. Жумушсуз калбоо, кирешени жоготпоо үчүн фармацевттер, юристтер жана жадагалса дарыгерлер кесибин өзгөртүү жөнүндө ойлонушу керек. Ал эми келечек кесип ээлери эмгек рыногундагы динамикалык өзгөрүүлөргө көңүл бурушу керек.

Ар дайым башкалардан бир кадам алдыда болуңуз. Жан аябай эмгектенип, өз билимиңизди дайыма өркүндөтүп туруңуз. Тынымсыз изденүүдөн талыкпаңыз. Ошондо кандай гана заман болбосун, өз тармагынын кесипкөйү катары сиздин бааңыз төмөндөбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM