Биз менен байланышыңыз

Балыкчы-Бишкек поезддин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды. Каттам убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 495 | 0

Балыкчы — Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташыган поезд табигый кырсыктын кесепетинен улам Рыбачье станциясына кайра жөнөтүлгөнүн «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Поезддин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды. Жабыркагандар жок.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 18:00дөр чамасында Жел-Арык темир жолунун тилкелеринин биринде (3 894-чакырым) нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жолдун 10 метр үстүңкү конструкциясын (урандарды) сел алып кеткен. Ошондой эле 3 896-чакырымда жер көчкү жүрүп, темир жолдун 35 метрин басып калган», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, ишкана 72 жүргүнчүнү, анын ичинде балдарды Бишкекке маршруттук такси менен жөнөттү.

Нөшөр жаандын кесепетинен Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына караганда, бүгүн 25-июнда поезд бул багытта каттабайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM