Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү сел 7 үйдүн короосун, 4 гектар эгин талаасын каптады

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 345 | 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда күндүз нөшөрлөп жааган жамгырдан улам эгин талааларын жана турак жайларды суу каптаган.

«Саат 15:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Совет айылында 7 турак үйдүн короосун, 4 га эгин талаасын каптаган», — деп айтылат билдирүүдө.

Жерине ӨКМден техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Чыгымдар боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM