Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аял пластикалык операциядан соң көз жумду

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 1480 | 0

Бишкекте аял жеке менчик клиникалардын биринде пластикалык операция (липосакция) жасаткан соң көз жумду.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдиргендей, бейтап аларга жеке клиникадан өтө оор абалда келип түшкөн.

«Керектүү жардам көрсөткөнүбүзгө карабастан бир нече күндөн кийин ал көз жумду. Ал көп органдардын жетишсиздигине (полиорганная недостаточность) кабылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деди ал.

Ал эми, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM