Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Үч балбан алтын, төрт балбан күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 24 Июн 2022 | 187 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын төртүнчү күнүндө грек-рим күрөшүнөн үч балбан алтын, төрт балбан күмүш медаль алышты.

72 кг салмакта күрөшкөн Адилхан Нурланбеков финалда өзбекстандык Жахонгир Хамроевге кез келип, 4:2 эсебинде жеңип, жаштар арасында Азия чемпиону аталды.

Ал эми күрөштүн ушул эле түрүнөн 77 кг салмакта килемге чыккан Акылбек Талантбеков алтын медаль үчүн беттеште өзбекстандык Дилшод Омонгелдиевди  9:0 эсеби менен утуп алды.

Бексултан Назарбаев болсо түркмөнстандык балбан Тойлы Орозбаевди 9:0 эсебинде жеңип, алтын байгени тагынды.

Булардан тышкары кечээ килемге чыккан 60 кг салмактагы Нурмухаммед Абдуллаев, 67 кг салмактагы Аманат Самат уулу, 97 салмактагы Данияр Шеримбеков жана 130 кг салмактагы Эрлан Манатбеков күмүш медаль алышты.

Учурда грек-рим күрөшүнүн жеңил салмактагы балбандары жана кыз балбандар күч сынашууда.

Чемпионат борбор калаабыздагы «Бишкек Арена» муз аянтында өтүп жатат. Негизги күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да, ал эми финалдык күрөш 18:00дө болууда.

Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) расмий сайтында, андан тышкары УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM