Орусиялык ырчы, «Ласковый май» тобунун мурдагы солисти Юрий Шатунов 48 жашында каза болгонун Lentа.ru сайты жазды.
23-июнга караган түнү ырчынын жүрөгү кармап көз жумганы айтылууда.
Юрий Шатунов 1973-жылы Башкырт АССРинде туулган. Ал балдар үйүндө чоңойгону, апасы 11 жашында каза болгону айтылат.
Шатунов 80-жылдардын ортосунда популярдуулукка ээ болгон. Анын эл арасындагы белгилүү ырлары — «Ак розалар», «Жай», «Түн болсун», «Боз түн», «Эрип жаткан кар» жана башкалар.