Биз менен байланышыңыз

Орусияга бара турган кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек?

Блог | 22 Июн 2022 | 618 | 0

Орусияга кеткен кыргызстандыктардын агымы күч алууда. Эгер миграцияда 1 млн 118 миң Кыргызстандын жараны жүрсө, мунун 1 млн 63 миңи Орусиянын аймагында эмгектенет.

Коомчулукту интеграциялоо коомдук бирикмесинин Чүй району боюнча координатору Айымжан Иманалиева кыргызстандыктар Орусияда алдымчылыкка туш болуп, укуктарын билбей бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрөрүн айтып, мекендештерге бир нече кеңеш берди.

Биринчи кезекте Орусияга кете турган жарандар терең ойлонуп, абалын изилдеп туруп, чечим чыгарышы керек. Мисалы, баргандан кийин кайсы жакта жашайсың, эмне жумуш кыласың, эмне тамак жейсиң? Экинчиден, эгер жаштар кете турган болсо, сөзсүз түрдө ата-энеси кабардар болуп, көзөмөлдөп туруусу абзел.

Белет алынгандан кийин мигранттын картасы болот. Орусияга кирип бара жатканда кандай максатта келип жатканыңды сурашат. Ал картага сөзсүз түрдө «жумушка орношуп иштөө» деп жазуу керек. Эгер «конокко» же «айрым жумуштарды бүтүрүү үчүн» деп жазылып калса, анда жарандар 90 күндөн кийин кайра Мекенине кайтууга туура келип калат.

«Дагы бир маселе, чек арачылар же өзү мигранттын картасында бир ката кетирип коюшу мүмкүн. Балким бир тамгадан же сандан, же өлкөгө келүү максатын туура эмес жазылып, ката кетип калат. Ошол кезде дароо барып кайрылып, оңдоп берүүнү талап кылуу керек. «Ө», «Ү» тамгалардан көп кыйналышат кыргыздар. Ошондуктан кетерден мурда нотариуска барып орусчага котортуп алса кыйла жеңилирээк болот».

Өлкөгө кирип турукташкандан кийин 30 күндүн ичинде жашаган жеринен каттоого туруусу шарт. Эгер батирди ижарага алып жашап жаткан болсо, ээси менен жакшы сүйлөшүп, бул өтө зарыл нерсе экенин түшүндүрүп, каттоого тургузууну суранышы керек.

Кийинки жагдай, Орусияга жаңы келген жаран мыйзамга ылайык 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүшү керек. Атайын медициналык борборлорго барып, мыйзамдуу түрдө өтүп коюшу шарт. Бул үчүн капчыгына ашыкча 15 миң рублдай акча ала жүрүшү керек, себеби кызмат көрсөтүүлөр арзан эмес.

Көбү каражаты тартыштыгынан медициналык кароодон өтпөй, мыйзам бузууга барышат. Бул нерсе мигрант үчүн оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

30 күндүн ичинде медициналык кароодон жана жашаган жеринен каттоодон өткөндөн кийин калган 60 күнү жумушка орношуусу үчүн бар. Бул үчүн сөзсүз түрдө эмгек келишим, ал болбосо жеке менчик укук келишим түзүлүшү шарт. Ошонун негизинде миграциялык катоо узартылат.

Орусияга кирүүдө жаран 90 күнгө чейин гана катталат. Андан кийин өлкө ичинде жүрүүсү мыйзамдаштырылбаса, базадан автоматтык түрдө чыгып, «кара тизмеге» кирип калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM