Биз менен байланышыңыз

Ангина оорусунун кооптуулугу, дарылоо жолдору

Блог | 20 Июн 2022 | 997 | 1

Акыркы жумаларда курч респиратордук ооруга чалдыккандар көбөйдү. Бейтаптардын 80%га жакыны 14 жашка чейинки балдар болууда. Айрыкча, ангина көп катталып жатканын дарыгер Эмир Алмазов «Маралдын» эфиринде айтып берди.

Ангина- курч жугуштуу оору. Ал климат өзгөргөндө, же адам катуу үшүп калганда пайда болушу мүмкүн, же оорулуу адамдан жугат. Кичинекей балдарда болсо, мурдунан суу агып калганда, суюктук мурун аркылуу таңдайга барып, кычыштырганда ангина пайда болот.

Ангинаны өз убагында дарылабай койсо, коркунучтуу ооруларга алып келерин кошумчалады адис.

«Ангинага чалдыгуунун дагы бир себеби — травма. Мисалы, туура эмес, же шашып тамак жеп алганда, тамакта бир нерсе туруп калгандай сезим болот. Анан айрымдар ал сезимди жок кылуу үчүн колун оозуна салып, тырмашат. Болбосо, балыктын кылканы туруп калганда, көптөрү өздөрү алам деп аракет кылышып, травма болуп калат. Ал эми ошол убакта колдо инфекция болушу мүмкүн. Аны таза миндалинага тийгизгенде, травма алган жерден инфекция кирип кетип, ангина оорусуна алып келет. Мындай учурларды биз практикадан көп кездештиребиз».

Ангинаны медицинада «өнөкөт тонзиллит» деп айтышат. Дарылаганда убактылуу айыкканы менен өнөкөт болуп калып калат. Кийин вируска же бактерияга кичине шарт болуп калса, дароо өсүп кетет да, кайра эле пайда боло берет. Өз учурунда дарылабай койсо, өтүшүп кетет.

«Көп жолуктурганыбыз —  паратонзиллярдык абсцесс. Анда тамактын ички тарабында да ириң толуп калат. Бейтап оозун ача албайт, температура көтөрүлөт, шалдырап бат эле алы кетет. Айрымдар өтө эле өтүштүрүп жиберет, аны моюн флегмонасы деп коет, ириң моюнга түшүп кетет. Анда моюнду сырт жагынан кесип, ириңди алганга туура келип калат. Ал — коркунучтуу оору».

Эгер ангина бир жылда 4-5 жолу кармаса, ал учурда жүрөк, муундарды кошо оорутса, операция кылып, алып салган оң. Анткени ангинаны А группасындагы бета-гемолитикалык  стрептококк чакырат. Ал түздөн-түз жүрөккө жана бөйрөккө зыян келтирет.

Дарыгердин айтымында, ангина кармап калса, дароо дарыгерге кайрылуу абзел.

Көпчүлүгү 7 күнгө жазылган дарыны толук ичишпейт.

«Көпчүлүгү 7 күнгө жазылган дарыны толук ичишпейт. 2-3 күндө жакшы болуп калып, дарыны токтотуп койгон учурларды практикада көрүп жүрөбүз. Анткени өзүн жакшы сезип калат, дене табы көтөрүлбөй калат. Анан ичпей коёт. Мындай учурда ангина кайра кайталана берет. Антибиотиктерди толук ичүү керек деп биз эмнеге айтып келебиз? Антибиотиктер бактерияларды өлтүрүп баштаганда, 3-4 күндөн кийин кайра ичпей койсо, жалпак тил менен айтканда, өлүп келаткан бактериялар кайра тирилип, кийин ошол дарыны тоотпой калат».

Ал ошондой эле кайсы оору болбосун, биринчи кезекте анын кайра пайда болуу себебин жок кылуу керектигин белгиледи. Мисалы, ангинаныкы муздак нерселер. Демек, баланы сууктан, муздак суудан алыс кармоо керек. Андан тышкары ангина жугуштуу оору болгондуктан, ооруган адамга жолотпоо зарыл.

1 пикир

1 пикир

  1. Шахрезаада

    01.01.2023 17:33

    Ангинаны канча менен аператця кылып баасы канча

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM