Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстанга» коюлган талап

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 602 | 0

Жарандык активист Атай Бейшенбек “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлдөрү жалпы элдин атынан чагымчыл билдирүүлөрдү жасап жатканына нааразы болду.

Ал бул боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Активисттин айтымында, партия лидери Адахан Мадумаров түшүндүрмө бериши керек: «Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, элге түшүнүктүү болушу үчүн расмий «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын позициясын ачыктап коюңузду өтүнөм».  

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Донбасстын тургундарына гуманитардык жардам көрсөткөндүгү тууралуу russkie.org сайтында “Донбасска гуманитардык жардам ар түрдүү улуттарды бириктирди” деген макала жарыялаган.

Анда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активисти Динара Чолпонованын пикири берилген: «Карапайым эл: Путин бизди, Кыргызстанды, өзүнө — Орусияга алып кетсин дешет. Анткени орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Россияда орустар гана жашашпайт, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын үйү» .

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM