Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште «ректорду министр дайындайт» деген сунуш талашка түштү

Коом | 16 Июн 2022 | 997 | 0

Бейшембиде парламентте «Билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзамдын долбоорунда «улуттук» макамы бар окуу жайлардын ректорун дайындоо укугун президентке берүү сунушталган. Ошондой эле ректорлорду шайлоо жолу менен эмес, дайындоо жолу менен бекитүү каралган. Жыйында ушул маселе жана жалпы эле билим берүү тармагындагы маселелер көтөрүлүп, министрликке ар түрдүү сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.

Парламентте «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору талкууланды. Мыйзам долбоору билим берүүдөгү коррупцияны жоюуга жана окуу жайларды башкарууну оптималдаштырууга багытталган. Ага ылайык, «улуттук» макамы бар окуу жайлардын ректорлорун Президент тарабынан, ал эми калган мамлекеттик окуу жайлардын жетекчилерин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындоо сунушталууда. Азыркы мыйзамда аларды окуу жайдын жамааты шайлап, андан  соң гана министр бекитет.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мындай демилге ЖОЖдо билим берүүгө караганда саясат көбөйүп кеткендиктен башкаруунун натыйжасын арттырууга багытталганын айтты.

Кыргызстанда учурда 78 университет бар. Алардын 33ү мамлекеттик, калганы менчик болуп саналат.  Мыйзам ишке ашса, 29 мамлекеттик университеттин ректорун министр, 4 улуттук университеттин ректорун президент дайындайт.

Депутат Дастанбек Жумабеков жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоо укугун студенттерге берүүнү сунуштады. Анын айтымында, университет студенттер төлөгөн каражаттын эсеби менен иштеп жаткандыктан жетекчисин шайлоону өзүнө берүү керек.

«Өзүңүздү демократ катары алып жүрөсүз. Студенттер контракт төлөп жатса, өздөрүнө эрк берүү керек. Ректордун шайланышын колго алууга болбойт, бюрократияга алып кетесиздер. Алар өзүн-өзү каржылап жаткандан кийин шайлоону жамаатка берүү керек. Сизге ректор дайындаган жагып, сүйүнүп жатасыз, анткени демократиялык жолду көрсөткөн жоксуз. Мен логикасын туура түшүндүрдүм окшойт. Студенттер өзүн-өзү багып жатат, демек, ректорду шайлаганга аларга уруксат берүү керек».

Депутат Адахан Мадумаров ректорлорду дайындоого караганда, шайлоодо минус азыраак болмок деген пикирде. Себеби министрге «муну дайында, тигини дайында» деген сунуштар түшө башташы мүмкүн, а жалпы жамаатка андай буйрук бере алышмак эмес. Дайындоонун артында чоң бизнеске айланып кетүү коркунучу бар экенин эскертти.

«Кыргызстанда болгону 10%дан аз жогорку окуу жайдын студенти мамлекеттин эсебинен окуп жатат, 90%дан ашыгын ата-энеси төлөп жатат. Анан ошолорду башкарабыз дейсиңерби? Силер азыр шайласаңар да аталасын чыгарасыңар, дайындасаңар да аталасын чыгарасыңар, себеби, мамлекетте система ошондой. Минусу да бар, плюсу да бар. Бирок дайындаганга караганда, шайлагандын минусу азыраак. Себеби сизге азыр толгон-токой тизмелерди берет: «Биздин партиядан, бизге чуркаган, ушуну ректор кылып кой», — деп. Бул бизнеске айланат. Сизге чейин да көбү бизнеске айлантпоого аракет кылган, сиздин деле колдон келбейт. Коом ушундай деп жатпаймбы». 

Депутат Жанарбек Акаев ректорлорду дайындоо жолу менен бекитүүнү колдойт. Анткени шайлоо болгондо, ар кандай бөлүнүүлөр, жамааттагы ырксыздык, ректор реформа жасабай эле шайлануу менен алек болуп калмай деген сыяктуу терс көрүнүштөр да орун алып келүүдө. Андыктан аргасыз кайрадан дайындоо жолуна өтүп жатышканын айтты.

«Жалпы жонунан алганда шайлоо — демократиянын бирден-бир принциби. Дайындоого келсек, ректор боло турган адам бир эле кишинин көңүлүн алышы керек. Эгерде шайлоо болгондо талапкерлигин койгон ар бири жамаатка өзүнүн программасын сунуштап, ал жерде атаандаштык болмок. Бирок бул принциптен кайтып жатканымдын себеби: ошол интеллигенциянын өкүлдөрүнүн да, бизге жол көрсөтө турган «каймактардын» да уруу-урууга, жер-жерге, район-районго бөлүнгөнү бизди өтө катуу таң калтырды. Бардык аймакта ошондой экен. «Ректор шайлоо болот» дегенде уруулар кадимкидей чабышып, «Баланча атанын балдары болобуз, тигинин тукумдарыбыз», — деп чыгышат экен. Интеллигенция өкүлдөрүнүн ушундайга жол берип жатканы ректорлорду шайлоо системасын дискредитация кылды. Мына ушунун айынан ушуга келип такалып жатабыз». 

Бул пикирди депутат Мирлан Самыйкожо да кубаттап, мугалимдерди, студенттерди саясатка аралаштырбоо керектигин, а саясаттын башы ошол шайлоодо жатарын, шайлоонун арты менен топторго бөлүнүү, жаңжал, кала берсе куугунтук да орун алып келерин белгиледи.

«Саясаттын башы каяктан башталат? Саясаттын башы шайлоодон башталат. Эми шайлоо ачыктык үчүн жакшы нерсе болчу. Бирок биздин эл, биздин мугалимдер ошол шайлоону «шайтан оюндарга» аралаштырып ийишти. Шайлоо болгон жогорку окуу жайларды көрүп жатабыз, журналисттер да жазып жатат, соцтармактарга да чыгып жатат. Бул жерде топ-топко бөлүнүүгө, жаңжалдарга да барып жатышат, куугунтук да болуп кетүүдө. Шайлоо бүткөндөн кийин уткан тарап утулган тарапты «желкелеп» жатат. Бул жакшы нерсе эмес. Мындай көрүнүш студенттердин окуу процессине өтө чоң залакасын тийгизет». 

Депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайлардын ректорун илимий даражасына эмес, менеджерлигине карап дайындоону сунуштады.

«Ректор болууга доктор, профессор илимий даражалары болсун деген талаптарды жазбагылачы, сураныч. Бизде көп профессор менеджер эмес да. Мүмкүн алар илимий жактан кыйындыр, бирок башкаруу жагынан аксайт. Сиз билесиз, ректор илимий ишмер эмес, башкаруучу болушу керек».

Ал эми депутат Камила Талиева жогорку окуу жайлардын ректорунун илимий даражасы сөзсүз болушу керектигин, окуу жайлар акча алып келүүчү тармак катары каралбай, билимдин сапатына өзгөчө басым жасалышы зарылдыгын белгиледи.

«Ректорлордун илимий даражасы өтө маанилүү, себеби аны менен академик, профессорлор барып сүйлөшөт. Ал менеджер гана болбошу керек. Жогорку окуу жайларды бизнес катары карабай, биринчи кезекте билим сапатына жана сапатуу адистерди чыгарууга маани берели. Сапаттуу адис чыгышы үчүн илимдин күчү зор. Ошондуктан сөзсүз түрдө илимий даража керек. Илимди илим жасаган киши гана баалайт».

Депутат Тазабек Икрамов ар бир класска видеокамера коюп, аны директор кабинетинен көрүп отура тургандай система киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле ал айыл жеринде орус жана англис тилине басым кылып, шаарларда кыргыз тилине басым жасоону өтүндү.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жаңы окуу жылы мындан ары салттуу түрдө 1-сентябрдан башталарын, окуучулардын мектеп ичинде телефон колдонушуна тыюу салына турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM