Биз менен байланышыңыз

ККМге каршы митингге чыккандардын алдына Акылбек Жапаров чыкты

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 283 | 0

Бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүнүн алдында көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Анда Чүй, Нарын, Талас облустарынан келген соодагерлер жана башкалар келишкен.

Чогулгандардын алдына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, талаптарын угууда.

Нааразылык акциясына чыккандар ККМге жана эсеп-фактурага каршы экенин айтышып, патент системасы калсын деген талаптарын коюп жатышат.

«Биз салыктан качкан жокпуз. Бирок салыкты тапкан кирешебизге жараша төлөшүбүз керек. Азыр мугалимдердин айлыгын көтөрдүңөр, бирок аны элдин эсебинен көтөргөнүңөр туура эмес. Ишкерлердин жолун буубай, бизге жол көрсөтүңүз. Биз тапкан наныбызга жараша гана салык төлөйлү», — деди соодагерлердин бири.

Ушундай эле акция Талас облусунда да өтүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM