Биз менен байланышыңыз

Шахмат баланын өз алдынча туура чечим чыгаруусуна өбөлгө түзөт

Блог , Пикирлер | 9 Июн 2022 | 509 | 0

Шахмат балдардын ийгиликтүү келечегине жана мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Шахмат баланын аналитик, стратег болуусуна, алдын ала ойлонуусуна, логикалык эсептөөлөрдү тез чыгаруусуна мүмкүнчүлүк берет.

«Шахмат менен алектенген балдар интеллектуалдык жактан абдан күчтүү болушат; физикалык жана руханий жактан өнүгүп чоңоюшат. Эң негизгиси, балдар кичинекей чагынан баштап өз алдынча чечим чыгарганды үйрөнүшөт. Мындай балдар жашоодо оптималдуу чечимдерди кабыл алса, биздин мамлекетке чоң пайда болот. Булар акты карадан, адалды арамдан ажырата билсе, коомчулугубуз жакшы нукка өзгөрө баштайт. Коом өзгөрсө, мамлекет өнүгүү жолуна кадам таштамак».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM