Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар үчүн Европада көп мүмкүнчүлүктөр ачылды

Блог , Коом | 8 Июн 2022 | 499 | 0

Бүгүнкү күндө миллиондон ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80%ы Орусияда. Бирок ал жактагы акыркы экономикалык кырдаалга байланыштуу жумуш орундардын кыскаруусу кыргызстандык мигранттарга таасирин тийгизүүдө. Мындан улам эмгекке жарамдуу жарандар Орусиядан башка өлкөлөрдөн да иш издөөгө өттү. Муну чет өлкөгө жумушка жөнөтүүчү компаниялар да ырастады. Адистер бул кырдаал кыргызстандыктарга мүмкүнчүлүк экенин айтып, чет жактагы бир катар өлкөлөрдү сунушташат. Ошондой эле алдыдагы жайкы каникул учурунда студенттер үчүн чет өлкөгө барып иштеп келүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. 

Кыргызстандыктарга чет мамлекеттерге барып иштеп келүү сунуштары көп айтылып жатат. Адистер эмгек мигранттары Орусиядан чыгып, Европанын башка мамлекеттерине баруусуна жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын айтышат.

Ушул күндөрү бул аракет мамлекеттик деңгээлде ишке ашырылууда. «Жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу» борборуна жылына 30 миңден ашуун адам кайрылат. Борбор кыргызстандыктарды Улуу Британия, Япония, Корея, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Америка сыяктуу өлкөлөргө жөнөтүүдө.

Бул тууралуу аталган борбордун директору Кубандык Акматбеков билдирип, кетип жаткандар көбүнчө кандай жумуштарда иштээрин айтып берди.

«Көбүнчө тейлөө тармагында иштешет. Мисалы, Улуу Британияда айыл чарба багытында эмгектенишет, Түштүк Кореяда завод-фабрикаларда иштешет. Ал жакта 4-5 миң завод-фабрикага чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде кыргызстандыктарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле жеңил өнөр жай тармагында жумуштар көп. Ал эми Германиядагы программага ылайык, биздин өлкөдөн медайымдар, дарыгерлер иштегени кетишет». 

Көпчүлүк адистер чет өлкөдө иштегиси келген кыргызстандыктар үчүн Японияны сунушташат. Себеби Японияда төрөт аз болгондуктан, жумушчулардын басымдуу бөлүгүн улуу муундагылар түзөт. Мындан улам аларда жаш жумушчуларга суроо-талап көп. Кыргызстандыктар ал жакта фабрика жана заводдордо иштей алышат, айлык акысы жогору.

Ишкер Жибек Шарапова ушул күндөрү Американын көпчүлүк штаттарына тейлөө тармагында иштеген жумушчулар керектигин айтат. Ал кафе-ресторандардын, сулуулук салондордун айлыгы жергиликтүү тургундар үчүн аз болгону менен кыргызстандыктар үчүн жакшы айлык болуп эсептелерин белгилейт.

Ошондой эле Америкада бир гана жумуш менен алек болбой, тил үйрөнө турган да артыкчылыктар бар. Ал эмгек мигранттарынын  дүйнө таанымы кеңейип, шыктандырып, билимге басым жасоосуна жакшы өбөлгө болот.

«Америкада «жумушчуларды издейбиз» деген чоң баннерлер ар бир көчөдө илинип турат. Япония фабрика-заводдордо иштегендерге муктаж. Ал эми Америкада тейлөө адистери жана мугалимдер керектелет. Негизи мугалимдер бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча аз айлык алышат экен. Мисалы, Америкада мугаимдерге айына 2,5 миң доллар төлөнөт. Бул алардын баасы менен өтө аз экен». 

Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жумуш таап бере турган компаниялар кардарлары көбөйгөнүн маалымдашты.

Бишкекте жайгашкан компаниялардын бири менен байланышканыбызда, жетекчиси Айжаркын Кубанычбек кызы акыркы убакта Польша, Германия, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына кетип жаткандардын катары калыңдаганын айтты. Себеби бул өлкөлөрдө айлык доллар, евро менен төлөнөт.

Мындан сырткары иштери да анча оор эмес, убактылуу жашоого уруксат кагазды алуу жеңил жана компания керектүү шарттар менен камсыздап берет.

«Биздин эң башкы талабыбыз чет өлкөгө иштеп кетүүнү каалаган жаран англис тилинде эркин сүйлөшү керек. Тил билбегендерге үйрөнүп, андан кийин келүүнү сунуштайбыз. Себеби жумуш берүүчүлөрдүн талаптары абдан күчтүү. Ошондой эле жумушчунун тажрыйбасына көңүл бурушат».

Учурда студенттер жайкы каникулга тарап, иш издөөнү ойлонуп жатышкан кези.

Иш менен камсыз кылууга жардам берген дагы бир компаниянын кызматкери Азамат Мансур уулу студенттер үчүн үч айлык программалар бар экенин айтты.

Аталган ишкана бул долбоор аркылуу көбүнчө Түркия жана Болгария мамлекеттерине жөнөтөт. Жыл сайын 10-майга чейин кабыл алуу жүрөт, ал эми 15-июнга чейин студенттер жөнөтүлөт. Айлык акылары 350-400 еврону түзөт. Жатакана, тамак-аш жана эки жакка тең учуу билети менен компания камсыздайт. Иштөө графиги 8 сааттан 12 саатка чейин, жумасына бир жолу демалыш бар. Студенттер көбүнчө тейлөө кызматтарында иштейт.

Чет өлкөгө жөнөтүлгөн студенттердин коопсуздук маселеси тынчсыздантпай койбойт. Адис бул маселе боюнча төмөнкүдөй жооп берди:

«Жарандар эмгек келишим аркылуу кетишет. Болгария Евразиялык кеңешке киргендей кийин келишимге абдан маани берет. Ал жакта жумушчунун укугун тебелеген, айлык акысын бербей койгон же дем алышсыз иштеткен учурлар болгон эмес жана болбойт дагы. Себеби эмгек келишимди жана адам укуктарын аябай катуу сакташат. Мындан сырткары жумушчулар медициналык камсыздандыруу менен кетишет сөзсүз. Ансыз виза берилбейт».

«Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу» борборунун маалыматы боюнча учурда Түштүк Корея, Британия, Германия өлкөлөрү менен түзүлгөн келишимдер ишке кирген, учурда Финляндия, Япония баштаган өлкөлөр менен келишим түзүлүү алдында турат.

19-майда Британиянын мамлекеттик программасы менен айыл чарба иштерине миң кыргызстандык жөнөп кетти. Бул программага 7 миң кыргызстандык арыз тапшырган.

Азыркы мезгилде 5 миң кыргызстандык Түштүк Кореяда иштеп жатат. 2022-жылдын төрт айында 300дөн ашык жаран иштегени кеткен.

Июль айында Германиянын федералдык агенттиги менен Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги атайын келишимге кол коюшат. Анын негизинде, Кыргызстандын төрт окуу жайынан 250 медицина кызматкери Германияга иштеп келүүгө жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM