Биз менен байланышыңыз

Миграциянын жаңы талаптары: Өнөр үйрөнүү жана тил билүү зарыл

Коом | 7 Июн 2022 | 687 | 0

Бүгүн Бишкекте «Миграция жана өнүгүү: Перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы форум болуп өттү. Форумда мигранттарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу аракеттери  жана миграциядагы негизги көйгөйлөр аталды. Ошондой эле дүйнөдөгү акыркы абал жана миграциянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү айтылды. Темага кененирээк алдыда токтолобуз.

Бишкекте миграциянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча форум болуп өттү. Анда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев өлкөдөгү миграциянын абалы боюнча жалпы маалымат берди. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты бар, акыркы убакта тышкы миграцияда аялдардын саны өстү.

«Дүйнөдө 181 миллиондон ашык эмгек мигранты бар. Алар мигранттардын жалпы агымынын 60%дан ашыгын түзөт. Кыргызстанда миграция 3 миллион адамдын – алардын балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн тагдырына таасирин тийгизүүдө. Өлкөдөгү ар бир төртүнчү үй-бүлөдө бирден кем эмес эмгек мигранты бар. Мигранттардын негизги курагы 18 жаштан 45 жашка чейин. Акыркы жылдардагы тенденциялардын бири тышкы миграцияда аялдардын көбөйүшү болду. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери тышкы да, ички да миграцияга катышкан аялдардын саны эркектердин санынан кыйла көп. 2018-жылы алардын саны дээрлик эки эсе өскөн».

Форумда дүйнө жүзүндө эмгек миграциясы өсүп жатканы белгиленди. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 181 миллиондон ашык эмгек мигранты бар. Алар мигранттардын жалпы агымынын 60%дан ашыгын түзөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мигранттарды чет өлкөгө өнөр үйрөтүп жибергенде, өлкө казынасына 2, 5 млрд эмес, 8 млрд сомго чейин акча түшмөгүн белгиледи.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө мигранттарга өнөр жана чет тилдерди билүү жетишпей жатканын айтты.

«Бир баланы багуу үчүн жаңы өнөр, жаңы заманбап билим керек. Аларга өнөр үйрөтүп, анан миграцияга коё бере турган болсок, анда мигранттардан 2, 5 млрд эмес, 8 млрд сомго чейин акча келмек. Мына кенедей эле Армения, ал жакта 3 млн киши бар, убагында англис тилин үйрөнүп алышкан экен. Исскуство, чоң-чоң акча төлөнө турган жактарда иштегендиктен, жыл сайын мигранттар 8 млрд долларга чейин жиберип турат. Биз кара жумуштан имараттардын ичине кирдик, бирок дагы деле өнөр жетишпей жатат. Англис тилин, компьютерди жакшы билбей жатабыз, буйруса, жакынкы 12 жылдын ичинде биздин балдардын баары ден соолугу чың болуп, орус, кыргыз тилин гана эмес, англис жана интернет тилин, компьютерди да билип калат. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Мигранттарыбызды буйруса, Кыргызстанда жашап, дүйнө жүзүндө иштегенге өткөрүү оюбуз бар». 

Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө жумушка орноштурган 117ден ашык мекеме бар. Алардын 70%дан ашыгы Түркия мамлекети, 15%га жакыны Персия булуңу, 20%га жакыны Европа өлкөлөрү менен кызматташат. Акыркы жылдары Чыгыш Европага жумушка орноштуруу күч алган.

Чет өлкөгө барууну каалаган жарандардын негизи тоскоолдуктарын «Акбарс Консалт» агентигинин директору Шерболот Аскербек уулу мындайча түшүндүрдү.

«Эң негизги көйгөй кабыл алуучу өлкөнүн тилин, мыйзамдарын билбестиги жана маалыматтын жетишсиздиги болуп жатат. Ошондой эле чет өлкөгө чыгып иштөөгө болгон тоскоолдуктардын бири — виза борборлордун өлкөдө жоктугу. Эң жакынкы аймак Казакстанда бар, бирок ал жакка барып келүү чыгым. Бизге бөлүнгөн квота чектелүү болгондуктан жарандарыбыз көп учурда чет өлкөгө кете албай жатышат. Чет өлкөгө барам деген жарандардын саны жыл сайын өсүүдө, болгону багыттары өзгөрүп жатат. Акыркы убакта Түркияда инфиляция жогору болгондугуна байланыштуу башка мамлекеттерди тандай башташты. Айлыгы жогору өлкөлөрдү издеп жатышат». 

Мигранттарга болгон талаптар мамлекетке жараша өзгөрүлөт. Айрым өлкөлөргө тил билүүсү гана талап кылынса, кээ бир өлкөлөргө жаш куракка карата чектөөлөр жана кесип ээси болуу талап кылынат.

Ал эми «Албан Лидер» агентигинин жетекчиси Данияр Муканбетов Кыргызстандан барган мигранттар атаандаштыкка туруштук берүүсү үчүн эске ала турган жагдайларды атады.

«Бул жерде белгилеп кетүү керек, биз чет өлкөлүктөргө адистерди даярдап жатканда аларга интеграция болуп, стандарттарын бизге түшүрүү керек. Мисалга ширетүүчүлөрдү алсак, чет өлкөгө барганда тесттен өтпөй калышат экен. Аларды ошол жактын стандарты боюнча дагы 2-3 ай окутуу керек болот экен. Карщиктерибизди ала турган болсок, бизде эски моделдер менен иштешет, ал эми ал жакта электрондукка өтүп кетишкен. Эми ал жактын орто кесиптик билим берүү органы менен байланышып, кесипти бизге интеграция кылып, адистерди ошолордун талаптарына жооп бере тургандай даярдоо керек».

Кудайберген Базарбаевдин маалыматына ылайык, жакынкы 5 жылда эмгекке курагындагылар 250 миң адамга көбөйөт, бул жаңы жумуш орундарынын санынан дээрлик эки эсе көптүк кылат. Миграция системалуу көрүнүш катары Кыргызстандын экономикасынан орун алат. Экономиканын акча которуулардан көз карандылыгын эске алганда эмгек мигранттарынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу, багыттарын диверсификациялоо жана тез социалдык интеграциялоо мүмкүнчүлүгү келечекте чечүүчү мааниге ээ.

Бул маселени чечүү үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Экономика жана коммерция, Билим берүү жана илим министрликтерине бирдиктүү система түзүүнү сунуштоодо.

Copyright © 2017 Maral FM