Биз менен байланышыңыз

Мырза кары Осмонов Ош шаарына казы болду

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 867 | 0

Мырзакул Осмонов Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койду.

Мырзакул (Мырза кары) Осмонов Чоң-Алай районунун Даарот-Коргон айылында туулган. 2000-2003-жылдары Бишкектеги Умар бин Хаттаб медресесинен билим алган. 2011-2015-жылдары Ош облусундагы Абдужапар Ислам институтунда, 2009-2016-жылдары Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинде окуган.

2013-жылы Ош шаарында казынын жардамчысы, 2014-жылы «Роббаний» мечитинде имам-хатиб, 2016-жылы Оштогу Умму Мухаммад медресесинде директор, 2016-2019-жылдары Ак-Буура чыгыш хатибиятында баш имам-хатиб, 2014-2022-жылдары Алайдагы Имам аль-Бухари — Алай мечитинде имам-хатиб, 2022-жылдан ушул күнгө чейин Ош шаарындагы Али аль-Байт мечитинде имам-хатиб кызматтарын аркалаган.

Кыргыз, орус, араб, түрк, урду тилдерин эркин билет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM