Биз менен байланышыңыз

«Манас айылын» реконструкциялоо долбооруна сынак жарыяланды

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 586 | 0

Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоонун долбооруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев маалымат жыйында кабарлады.

Сынак 6-июнда башталып, 5-июлга чейин уланат. Байге фонду 3 млн сомду түзөт. Сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 млн сом, экинчи орунга 1 млн сом жана үчүнчү орунга 500 миң сом берилет.

«Каражат демөөрчүлөр тарабынан топтолду. Ал эми жеңүүчүсүн аныктоо үчүн 12 адамдан турган комиссия түзүлдү. Анын курамына манасчы, сүрөтчү, тарыхчыдан тарта министрлик, мамкурулуш агенттигинин кызматкерлери кирди. Сынактын жеңүүчүсүн аныктаганга чейин жеринде курулушка даярдык иштери жүрүүдө. 12-июлда жеңүүчү аныкталып, бир жумадан кийин курулуш иштери башталат», — дейт Жетыбаев.

Мындан бир ай мурун президент Садыр Жапаров «Манас айылына» барганда комплексти реконструкциялоонун долбоору сунушталган.

Маалым болгондой, «Манас айылы» комплексин реконструкциялоодо анын аймагын үч гектардан сегиз гектарга чейин кеңейтүү каралган. Үч кабаттуу боз үй куруу, комплекстин аймагына «Манас» театры менен «Манас» музейин жайгаштыруу да сунушталган.

«Манас айылы» оңдолгондон кийин кандай өзгөрөт? (сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM