Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Дары сатып алуудан мамлекет 4 млн 508 миң сом зыян тарткан

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 277 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинде дагы бир ири өлчөмдөгү кыянатчылык аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрликтин жана Улуттук госпиталдын кызматкерлери «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын одоно бузушкан. Тагыраагы, 2021-жылдын 20-майынан 19-ноябрына чейин иммундук супрессивдүү дарыларды жогорулатылган баада сатып алуу максатында тендердин жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарышкан.

Соңунда «Ю.Х.» аттуу компанияны жеңүүчү деп таап, дарыларды алуу боюнча 41 млн 100 миң сомго келишим түзүшкөн. Мындан өлкө казынасы 4 млн 508 миң 975 сом зыян тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM