Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү калктын 77,18%ы колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 572 | 0

Казакстанда өткөрүлгөн референдумга добуш бергендердин 77,18%ы Башмыйзамды өзгөртүүгө макулдугун билгизди. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

Комиссиянын маалыматына караганда, референдумга шайлоочулардын 68,6%ы (7 млн 986 миң адам) катышкан. Алардын 18,6%ы түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Шайлоо тилкелериндеги добуштарды саноо бүгүн, 6-июнда толугу менен аяктаганы кабарланды.

Айта кетсек, кечээ, 5-июнда Казакстанда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы республикалык референдум өткөн. Анын жыйынтыгына ылайык, эми Казакстан «супер президенттик» башкаруудан кетип, парламентке артыкчылык берген президенттик өлкө жолуна багыт алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM