Биз менен байланышыңыз

БИМ: Артыкчылык аттестат алуу сынагы кайра өткөрүлбөйт

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 466 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестат алуу сынагы кайра өткөрүлбөй турганын кабарлады.

Министрликтин айтымында, учурда сынак боюнча даттануу, кайрылуулар кабыл алынып жатат. Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин арыздары толук каралып бүткөндөн кийин чыгарылат.

Маалым болгондой, өлкө боюнча 80 бүтүрүүчү «Алтын тамга» тестинен ийгиликтүү өтүшүп, артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушкан.

Айта кетсек, быйыл бул сынакка 2 миң 232 бүтүрүүчү талапкер болгон. Алардын 1 миң 388и кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде, 38и өзбек тилинде тест тапшырган.

«Алтын тамга» сынагы мектепти 11 жыл «5» деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM