Биз менен байланышыңыз

Таластагы Өтмөк ашуусунун жолуна жаңы асфальт басылат (видео)

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 762 | 0

Талас облусундагы Өтмөк ашуусунун жолуна жаңы асфальт басуу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда асфальттын жараксыз катмарын кесип алуу иштери жүрүп жатат. Ишти аткаруу Талас облусундагы №5 ДЭУга жүктөлгөн. Жалпы оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик бюджеттен 74 млн сом бөлүнгөн.

Жасала турган иштердин алкагында жолдун 26,7 чакырымына жаңы асфальт басылып, 21,7 чакырымы (шагыл жол) оңдоодон өткөрүлөт. Ошондой эле 8 чарчы километр жолдогу чуңкурлар, тешиктер бүтөлүп, тапталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM