Биз менен байланышыңыз

Президент Баткендеги атышууда жарадар болгон аскерлердин абалын сурады

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 747 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жарадар болгон аскерлердин абалын сурады.

Мамлекет башчысы аскерлер менен маектешип, алардын тез сакайып кетишин каалады.

Бейтаптарга Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам алып, бардык зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалган. Учурда дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп турушат.

Айта кетсек, кечээ, 3-июнда Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөн. Кыргыз тарап чек арадан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Бирок тажик аскерлери талапка баш ийбей, кыргыз аскерлерине ок чыгарган.

Эки өлкө аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномёт колдонгон. Атышуу саат 14:15те токтогон. Андан эки кыргыз аскер жарадар болгон. Аларды бүгүн, 4-июнда атайын учак менен Бишкек шаарына алып келишип, Улуттук госпиталга жаткырышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM