Биз менен байланышыңыз

Балдар тууралуу статистика: жылына 160 миңдей ымыркай төрөлөт

Блог , Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 3846 | 0

Улуттук статистика комитети 1-июнь – балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата маалыматтарды жарыялады.

Ага ылайык, 2021-жылдын башында өлкө боюнча 18 жашка чейинки 2 млн 512 миң бала катталган, алардын 51%ы эркек балдар. 2020-жылга салыштырмалуу балдардын саны 56 миң балага же 2,3%га көбөйгөн.

2022-жылдын башына карата 7 жашка чейинки 1 млн 118 миң, 7-14 жашка чейинки 1 млн 74 миң, 15-17 жашка чейинки 320 миң бала бар экени белгилүү болгон. Алардын 67%ы айыл жергесинде жашайт.

2021-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар, башкача айтканда, кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Ымыркайлардын 19%ы — жарандык никедеги энелердин балдары. Акыркы жылдары мусулмандардын салтына ылайык никелешүү кеңири жайылып кеткенин белгилей кетүүгө болот. Ошондуктан юридикалык никеге турбай төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да, энеси да бар. Муну менен бирге ымыркайлардын 50%ы ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 50%ы энелеринин гана арызы менен катталган.

2021-жылдын аягында башка үй-бүлөнүн тарбиясында 13,7 миң бала бар экени белгилүү болгон. Анын ичинен 5,4 миңи томолой жетим, 8,3 миңи камкордук көрүүдө, андан тышкары 5,4 миң бала балдар үйүнөн багып алынган. 2021-жылы кароосуз калган 18 жашка чейинки 2,2 миң бала катталган, анын ичинде 790у томолой жетим болгон.

2021-жылы 1 670 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тариялануусунда. 638 бала асырап алынган, алардын 633үн кыргыз үй-бүлөлөрү, жетөөнү чет өлкөлүк жарандар багып алган. 2021-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 1 миңге жакын жетим бала жашаган.

2021-жылдын аягына карата республикада 1,7 миң мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеген, аларда тиешелүү курактагы балдардын жалпы санынын 24% же 200 миңге жакын бала тарбияланган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,8%га көп.

2021-2022-окуу жылынын башында республикада 2 333 күндүзгү жалпы билим берүү мектептери иштеген, анда 1 млн 407 миң бала окуган. Алардын ичинен ар түрдүү предметтерди тереңдетип окутуучу 435 мектептерде 350,2 миң бала, 143 гимназияда – 192,1 миң бала жана 65 лицейде – 44 миң бала окуган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM