Биз менен байланышыңыз

1-июндан тарта балдарга бериле турган жөлөк пул көбөйтүлөт

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 2242 | 0

Эртең, 1-июндан баштап аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулу көбөйтүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кабарлады.

Министр К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) өткөн балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулу көбөйтүлөрүн билдирди.

«Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлөт, эгерде алар 810 сом алышса, эми алар 1 200 сомдон алышат. Ошондой эле жогорулатуу жардамга муктаж жарандардын башка категорияларына таасирин тийгизет», — деди министр.

Иш-чаранын жүрүшүндө 200 балага уюштуруучулардын атынан белектер таратылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM