Биз менен байланышыңыз

«Китепстан» жаш окурмандар үчүн биографиялык китептерди чыгарды

Блог , Кыска кабар | 29 мая 2022 | 3613 | 0

Азыркы замандын көрөгөч лидерлери Apple компьютер компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс, NIKE спорт кийим компаниясынын негиздөөчүсү Фил Найт, белгилүү IKEA эмерек компаниясынын негиздөөчүсү Иӊвар Кампрад жана «Бүткүл медианын ханышасы» (ток-шоу алып баруучусу) атактуу Опра Уинфринин өрнөктүү жашоосун чагылдырган китептер кыргызчаланды.

Китептерди «Китепстан» басма үйү чыгарды.

Китептер түстүү сүрөттөр менен берилип, окурманды ар тараптуу, чечкиндүү жана эркин болууга шыктандырат. Жаш муунга алар чыгармачылыгы, ишкердикте талбас эмгеги, кыялдарын орундатуу, айлана менен эриш-аркак жашоо менен дүйнөнү өзгөртө алышарына ишеним тартуулайт. Китептер 6 жаштан жогору балдарга арналып, катуу мукабада даярдалган.

Кыргызчага которгондор — Асылбек Жоодонбеков, Жибек Кенжебаева, Нурболот Азамат жана Эрмек Шоруков. Балдарга ылайык кылып редакциялаган Насыпбек Асанбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM