Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн чек арасын ачты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2022 | 2384 | 0

Түркмөнстан кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн чек арасын ачты. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Түркмөнстандын автотранспорту министрлиги менен Түркмөнстандын аймагы аркылуу эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган кыргызстандык жүк ташуучулардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүү боюнча иш алып барды.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын аймагы аркылуу бардык зарыл талаптарды сактоо менен 1-июндан тарта чет элдик жүк ташуучу автоунааларга  Иран аркылуу Сарахс – Фарап – Сарахс каттамы менен өтүүгө уруксат берилди.

Сарахс чек ара өткөрмө бекети Ирандын түндүк-чыгышындагы Хорасан-Разави провинциясында, Түркмөнстан менен чектеш чек арада жайгашкан.

Эске сала кетсек, Түркмөнстан коронавирус пандемиясына байланыштуу чек арасын жапкан. Кыргызстандын  авто жүк ташуучулары жүктү Түркмөнстандын чек арасына чейин жеткирип, ал жерден түркмөн авто жүк ташуучулары акы алып, товарларды тышкы чек арага жеткирип, андан кийин гана Кыргызстандын жүк ташуучулары тарабынан кайра кабыл алынып, көздөгөн жерине жеткирилип келген.

Белгилей кетсек, мындай жүк ташуу алгоритми автотранспорттук компаниялардын чыгымдарын бир топ жогорулаткан. Мындан улам Кыргызстандын авто жүк ташуучулары Казакстандын жана Орусиянын аймактары аркылуу альтернативдүү транспорт коридорлорун жана деңиз портторун колдонууга аргасыз болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM