Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллардын курсу кайра өсүп жатат

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 596 | 0

Өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда АКШ долларынын курсу кайра өсө баштады. 27-майда саат 16:00 гө карата 1 АКШ доллары 85,50 сомдон сатылууда. Улуттук банк 27-апрелге карата доллардын курсун 79,50 менен бекиткен.

21-майда АКШ доллары акыркы эки жылда биринчи жолу 80 сомдон ылдый түшкөн.

Доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тарта кымбаттап, 106 сомго чейин жеткен.

Белгилей кетсек, Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында бир нече жолу базарга доллар сатып, сатып алды. 18-майда 6 млн. доллар, 20-майда 20 млн. 550 миң доллар сатып алды.

Copyright © 2017 Maral FM