Биз менен байланышыңыз

Токтогул: Баласы сабалган эне укук коргоо органдарына нааразы

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 2463 | 0

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Токтогул Сатылганов атындагы №1 мектепте 2-класста окуган баласын сабаган жаранга чара көрүлбөй жатканын айтып «Марал» радиосуна кайрылды.

Анын маалыматына караганда, өспүрүмгө кол көтөргөн адам жергиликтүү бийликтин өкүлү.

«Мен Ж. Г.  Жалал Абад облусунун Токтогул районунун тургуну балам Алинур Шайзинов 2-класста окуйт, 8 жашта. Ушул жылы 8-апрелде саат 9:30да дене тарбия сабагынан классташ кызы Айсара баламды сүзүп кетип, мурду канап атасына чалган. Атасы Бекташов Бактыяр (мамкызматкер, акимиатта иштейт) мектепке келип, баламды чоң кишини муштагандай уруп кеткен. Алинурдун сол жак кулагы катуу ооруп, жаагы шишип кеткен. Класс жетекчиси Жамал Касымовна эжесинин, класстын көзүнчө сабаганда, эжеси чуркап келип аркасына катып калган, ошондо ыйлаганына карабай урушуп, колунан тартып кызынан кечирим сураткан» , — деп айтылат арызда.

8-апрелде Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Эрлан Муратбек уулуна арыз берилген. Эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн 22-апрелде Токтогул райондук прокуратурага жана акимиатка да арыз жазылган.

Прокуратура тарабынан 6-май күнү иш козголгонун айтышкан, бирок баланы сабаган кишиге тиешелүү чара көрүлгөн эмес.

Ал эми сабалган баланын баш мээси чайкалып, сол кулагы оорутуп, 5 күн дарыланып чыккан.

Бул окуядан кийин башка балдардын да ата-энелери тынчсызданып, укук коргоо органдарынын кайдыгерлигине нааразылык билдиришти.

«Кыргызстанда өнүккөн коррупция, паракорлук, тааныш-билиштиктин айынан жаш балдарга зомбулук күчөп келүүдө. Эмне себептен мындай адилетсиздик ? Колунда барлар, чоң жерде иштегендер эмнеге жоопко тартылбайт? Укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмне себептен бул маселелерге кайдыгер карашат? Жаш балдардын укугу эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин корголбой келет

Төмөндө сабалган окуучуга коюлган диагноздун сүрөтү. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM