Биз менен байланышыңыз

Ош, Жалал-Абадда аскердик машыгуулар өтүүдө

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 377 | 0

Бүгүн, 24-майда Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

«Коопсуздук-2022» жана «Түштүк-2022» бирдиктүү мобилизациялык машыгуунун ачылышына Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана башка жетекчилер катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө Ош облусунун Ош жана Ноокат шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунунун Ала-Бука районунун айрым резервдик түзүлүштөрүн практикалык түзүү менен регионго аскердик абалды киргизүү шартында абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар аткарылат.

Стратегиялык объектилердин коопсуздугун жана коргонуусун камсыз кылуу, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен өткөрүү пункттарын орнотуу уюштурулат.

Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү жарандарды белгилүү бир аймактан эвакуациялоону, фильтрациялык пункттарды жана качкындарды убактылуу жайгаштырууну практикалык түрдө көрсөтүп беришет.

Машыгуулар 26-майда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM