Биз менен байланышыңыз

Откеев: Кино тармагында чыгармачыл болуу жетишпейт, ишкердикти да билүү керек

Пикирлер , Экомайдан | 19 мая 2022 | 501 | 0

Акыркы жылдары Кыргызстанда кино өндүрүшүндө бир топ жандануу болуп, рынокко чыккан кинолорду ар кайсы каналдар аркылуу сатуу да өнүгүүдө. Кыргыз кино, сериалдарын мурункудай сыналгыдан же кинотеатрлардан эмес, альтернативдүү вариант катары сайттардан онлайн же тиркемелерден сатып алып же болбосо ютуб каналдардан сериал көрүүгө болот. Бул жаатта, мисал болгон «Этномедиа» — онлайн кинотеатрынын негиздөөчүсү, жетекчиси Сүйүн Откеев мырза кыргыз киноиндустриясындагы чыгармачылык жана ишкерчиликти кантип айкалыштырып, бизнес жүргүзүү мүмкүн экенин Марал радиосунун «Экомайдан» уктуруусунда айтып берди.

-Сүйүн мырза, кино тартууда ишкердиктин сырларын билүү да маанилүүбү?

Кино – бул чыгармачылык дегенибиз менен, аягында барып бизнес болуп эсептелет. Ал каражатты табат, идеяны да табат, ал идеяны ишке ашырат дагы, элге сатат. Мисалы, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан 5-6 медиа проект бар эмеспи, мына ошолор учурдун эң күчтүү бинесмендери деп ойлойм. Ошол себептүү, биринчиден: жеке гана чыгармачылык менен чектелбей, сөзсүз түрдө ишкерчиликтин дагы ыгын билип, чогуу алып кетүү абзел. Ал эми, экинчиден сөзсүз түрдө каржылык сабатсыздыкты жоюп, бул жаатта билимди тереңдетүү керек.

-Сиздин онлайн кинотеатрыңыз кандай иштеп жатат?

Эки жыл мурун, пандемиядагы карантин маалында акыбалга ылайык, планда жок жерден көптөн бери идея боюнча турган онлайн кинотеатр ачтык. «Этномедиа» проектисине буюрса, бир жарым жыл болду. Азыркы тапта ушул багыт боюнча көбүрөөк иш алып барып жатам. Алгач, ушул ишти баштаган соң каржы маселесине келип такалган учурда, өз ишин жакшы билген досубуз менен биргеликте иш алып барып калдык. Бирок, тилекке каршы кызматташуубуз көп узабай, 6-7 айдан соң досубузга башка сунуш түшүп, кетүүгө аргасыз болду. Буга чейин өзүм билген гана багытты карап, иш алып барып жүрсөм, ал досубуз кеткен соң ал жагын өзүм колго алышым керек болуп, 1-2 айдай керектүү маалыматты алып, ал багытты түшүнүү үчүн ютубдан, мүмкүн болгон маалымат, чет жактан китеп буйрутма берип,  изденип олтуруп, бул нерсени түшүнүүгө муктаж болдум.  Бул нерсе баарыбызга аябай керек нерсе экен. Каржылык сабаттуулукту жаштайынан мектепте, бала бакчадан эле үйрөтө бериш керек деп ойлойм. Анткени, бул нерсе жеке гана ишкерлерге эмес, баарыбызга керек нерсе. Мына мен кыркка келип окуп, үйрөнүп олтурам. Бизде бир акча табууну билип, бирок туура колдонуп, коротууну билбейт экенбиз. Бул көйгөйдүн үстүндө иштөө түздөн түз мамлекеттик экономикага да таасири  зор. Баса белгилеп кетчү нерсе, мага бул боюнча жалпак, түшүнүктүү тил менен жазылган, өтө жакшы таасир берген китеп: «Нескучные финансы» китеби болду.

-Кино жаатында өсүүнү каалагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

-Кино жаатындагы өнүгөм, өсөм десең, даяр турган нерсени колдонуп, байкап көрүүдөн коркпоо керек. Көптөгөн ийгиликтүү, ири чоң кинокомпаниялар биз ойлоп табабыз деген идеяларды эбак эле алар жасап, элге тартуулап белгилүү деңгээлге жетип, күндөн-күнгө болуп көрбөгөндөй жыйынтык көрсөтүп, ачылыштарды жасап жатышат. Биз алардын деңгээлине жетиш үчүн, алар эбак ойлоп, даяр кылган идеяны колдонуп, иммунитет топтоп, өзүбүздү  таптап, байкап көргөн соң, бизде бир нерсе пайда болот. Андан ары чыгармачыл адамга жол көрүнө баштайт.

Маектешкен Азамат Дүйшеев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM