Биз менен байланышыңыз

Америкалык компания Кыргызстандагы айыл чарба техникаларын жаңыртууга 50 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 403 | 0

Кыргызстандагы айыл чарба техникаларын жаңыртууга багытталган долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. Ага Айыл чарба, Финансы министрлиги, «Айыл Банк», «John Deere» жана «Евразия Групп» компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Коомчулук менен байланыш адиси Айым Жумалиева «Маралга» билдирди.

Айыл чарбасындагы технологияны жаңылоо жана инновациялар тармагындагы дүйнөдөгү алдыңкы компания «John Deere» Кыргызстанга айыл чарба техникаларына 50 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда техниканы жаңыртуу деңгээли өтө төмөн. Бул дыйкандардын өндүрүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизип, башка терс кесепеттерге алып келип жатат. Айыл чарба министрлиги 2026-жылга чейин айыл чарба техникаларынын паркын 10% жаңылоону максат кылууда. «John Deere» компаниясы менен бүгүнкү келишим алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн биринчи гана этап болуп саналат. Биздин команда техника паркын жаңылоо маселесине көңул буруп, дыйкандардын мыкты айыл чарба техникасы менен камсыз болушун камсыз кылуу боюнча милдеттерди ишке ашырат. «John Deere» сыяктуу корпорация менен кызматташуу Кыргызстандагы айыл чарба техникаларынын паркын масштабдуу жаңыртуунун жана бүтүндөй өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн башталышы катары кызмат кылышы керек.

«John Deere» компаниянын техникасын Кыргызстанга тартуу өлкөнүн бүтүндөй айыл чарбасына оң таасирин тийгизет жана өлкөнүн ИДПсынын структурасында айыл чарбасынын үлүшүн көбөйтүүгө кызмат кылат. “John Deere” инновациялык жогорку өндүрүмдүү айыл чарба техникасын сатып алуунун болушу фермерлерге эмгек өндүрүмдүүлүгүн кеминде 2 эсеге жогорулатууга, топурактын, үрөндөрдүн жана жер семирткичтердин потенциалын ачууга мүмкүндүк берет жана айыл чарбасында санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө, аны колдонууга шарт түзүлөт”, — деди ал.

Жумалиева кошумчалагандай, долбоордун социалдык бөлүгү да бар. Анын алкагында, фермерлер, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам үчүн заманбап билим берүү базасын камсыз кылуу аракеттери көрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM