Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрү расмий токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2022 | 342 | 0

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр расмий токтотулду. Бул маалыматты Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко да тастыктады. Ошондой эле Украина президентинин офисинин өкүлү Михаил Подоляк да орус-украин сүйлөшүүлөрү токтогонун ырастады.

«Сүйлөшүүлөр улантылбайт, Украина жараяндан чыкты», — деди Андрей Руденко. Анын айтымында, азырынча сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча эч кандай жылыш жок.

Ал эми Украина тарап «Сүйлөшүү качан башталары белгисиз, бирок кайра башталса анда модератор Зеленский болот» деп билдирген.

ВВС сүйлөшүүлөрдүн токтоп калуу себебин изилдеп, Украина Бучадагы окуялардан улам сүйлөшүүнү токтотсо, Орусия «Москва» крейсеринин чөгүшүн шылтоолоп жатканын жазды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM