Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда орусиялыктар ачкан ишканалардын саны кескин өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2022 | 368 | 0

Апрель айында Өзбекстанда орусиялыктар ачкан 103 компания катталган. Бул январь айындагыдан төрт эсе, марттагыдан эки эсе көп. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазды.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин отчётуна ылайык, ушул жылдын январь-апрель айларында 798 чет элдик компания катталган. Алардын 210у Орусияга, 128и Түркияга, 74ү Кытайга таандык болгон.

24-февралда башталган Орусиянын Украинага чабуулунан кийин ишмердигин Өзбекстанга которгон Орусия компанияларынын саны кескин көбөйө баштаган. Алсак, январда 23 компания көчүп келсе, февралда 28, мартта 56, апрелде 103 ишкана которулуп келген.

Өзбекстанда IT-компаниялардын саны кескин өскөн. Мунун Орусия Украинага согуш жарыялагандан кийин Москвага каршы киргизилген санкциялар менен байланыштуу экени айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM