Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» аянтына 200 миңге жакын гүл отургузулду

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 141 | 0

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына 190 миң даана гүл отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы отургузган гүлзарда гүлдүн сары тагетес, көк агератум, георгин, цинерария, бордо колеус, ак алиссум, кызыл сальвия жана башка түрлөрү бар.

Эгер гүл уурдалып, сынып же куурап кала турган болсо, кайра отургузуу үчүн 10 миң гүл резервге алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM