Биз менен байланышыңыз

Бишкекте адамдык өнүгүү форуму өтүп жатат

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 252 | 0

Бишкекте министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Дүйнөлүк банктын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттердин катышуусунда адамдык өнүгүү форуму өтүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөдөгү алдыңкы эксперттерди, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо багытындагы жетекчилик курамды форумдун ишине тарткандыгы үчүн Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Форумдун максаты — эл аралык каржы институттарынын, коомчулуктун жана биринчи кезекте элибиздин көңүлүн президент Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү инвестицияларды тартуу багытын өзгөртүп жаткандыгына буруу», — деди ал.

Форумдун алкагында соцкоргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча сессиялар өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM