Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков «Белес.kgнин» автобустарын сатып алуусун талап кылды

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 235 | 0

Кыргызстанда өндүрүлгөн «Белес.kg» компаниясынын автобустарын мэрия сатып алсын. Мындай талапты Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүнкү жыйында койду.

«Белес.kg» компаниясы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров билдирген. Анан көрөбүз, андан кийин көп санда буйрутма беребиз дегендей ойдо айткан. Бул — президенттин сөзү, шамалдын ышкырыгы эмес. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Бишкектин мэри «андай экен, мындай экен» деп айтып жатат, «атаңа бар, энеңе бар, албайбыз» депчи. Ишкерлер күнү-түнү укташпай, чөнтөгүнөн ошол автобустарды чыгарды эле», — деди ал.

Ошондой эле ал «мамлекет жардам бербесе, өндүрүш кантип өсөт?» деген суроо салып, президенттин убадасы аткарылышын талап кылды.

Буга чейин Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев Кыргызстанда өндүрүлгөн «Белес.kg» компаниясынын автобустарын мэрия сатып албасын билдирген. Анын негизи себеби катары баасынын кымбаттыгын жана сапатына сертификат жоктугун айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM