Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы туристтик көргөзмөгө 200дөй компания катышат

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 285 | 0

Туристтик сезондун ачылышына карата Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Көргөзмө-жарманке 13-14-май күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» борборунда болот. Анда облустардан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлат. Ошондой эле 200гө жакын компания катышары күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн ачылышы 13-майда саат 18.00дө өлкө жетекчилигинин катышуусунда болот.

Мындан тышкары, улуттук аспаптардын көргөзмөсү, салбуурун оюну жана майрамдык концерт өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM