Биз менен байланышыңыз

Осмонов: «Достук» өткөрмө бекетинен акча бергендер өзүнчө өткөрүлүп жатат

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 239 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтүүдө жарандар кыйналып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, аталган чек ара өткөрмө бекетинен акча бергендер өзүнчө, бербегендер өзүнчө өткөрүлүп жатат.

Депутат бул маселе боюнча Бажы кызматы менен Чек ара кызматына протоколдук тапшырма берүүнү парламенттин төрагасы Талант Мамытовдон суранды.

«Кыргызстан менен Өзбекстанга каттагандар үчүн бул чоң көйгөй болуп жатат. Ал өткөрмө бекет аркылуу эки өлкөнүн соодр-сатык мамилелери бекемделет» , — деди ал.

2017-жылдын 6-сентябрь күнү «Достук» көзөмөл-өтмөк бекетинин расмий ачылышы болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM