Биз менен байланышыңыз

Жакышев жолдор боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 194 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышев Кыргызстандагы жолдор боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты.

Анын айтымында, Бишкек-Талас (Өтмөк ашуусу) жолунун абалы өтө начар абалда. Аны тез арада оңдоо керек.

«Жол көйгөйү бир эле Талас-Бишкек жолунда эмес. Мындай көйгөйлөр Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Карап көрсөк, жайы менен эле жолдорду асфальттап иштешет. Кыштан өтүп эле жазга чыкканда жолдор бузулуп жатат. Акыркы эле бир мисалды ала турган болсок, Баткендеги курулган жолго бир айдан кийин чөп чыкты. Бул иштердин баары кайдыгерликтен жана жоопкерчиликсизден болуп жатат» , — деди ал.

Жакышев Кыргызстан боюнча жолдордун абалын карап чыгууну кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM