Биз менен байланышыңыз

Четтен келген студенттерди сабап, тоногондорду катуу жазага тартуу сунушталды

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 712 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Индия жана Пакистандан келген студенттерди сабап, тоногондорду жазага тартууну өтүндү. Бул тууралуу ал парламенттин 11-майдагы жыйынында айтты.

«Чет элден келген студенттердин сабалганы тууралуу видео тарады, эми сырттан келгендердин баарына ушундай мамиле кылган болбойт. Аларды таап, жазасын берүү керек. Буга чейин кечирим суратып эле коё берип жаткансыңар. Алардын сабалганы тууралуу видео өз өлкөлөрүндө тараса, Кыргызстанда жапайы адамдар жашайт деген ой калат. Алар Бишкекте жансакчы менен жүргөнгө аргасыз экен, жанында 100 сом алып чыга албай калышыптыр, чөнтөгүндөгү тамекисин алып коюшат экен. Мындай мамилени токтотуу керек, бул ИИМдин түздөн-түз милдети», — деди депутат.

Мындан бир канча күн мурун Бишкек шаарындагы Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде индиялык адамды белгисиз бирөөлөр сабап жаткан видеотасма тараган.

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен иш козгогон. Шектүүлөр бүгүн, 11-майда кармалган.  Алар 2000-жылы туулган Н.С. жана 2004-жылы туулган Б.К. аттуу жигиттер экени, тергөө абагына камакка алынганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM