Биз менен байланышыңыз

Акаев: Коррупция менен күрөшүү саясатына Ширшовдун окуясы көө жапты

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 479 | 0

«Ширшов деген фамилия бул — коррупциялык система» деген сөздүн синоними. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, Ширшов «Интерполдун» издөөсүндө жүргөнүнө карабастан, акыркы бир жылда Кыргызстанга бир нече жолу кирип-чыгып жүргөн.

«28-апрелде Чек ара кызматына анын канча жолу кирип-чыкканы боюнча маалымат алуу үчүн кайрылгам. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп беришкен жок. Мына ошондой энергетика тармагындагы коррупциялык системанын түзүүчүсү кечээ жарым сутка кармалып туруп, кайра чыгарылды. Эмне коррупция менен күрөш ушулбу? Бийлик кайра алар менен иштеп баштадыбы? Эмне үчүн мамлекеттик бийлик ушундай маселелерде катуу туруп, элдин суроо-талабын укпайт. Коррупция менен күрөшүүгө болгон саясатка бул окуя көө жапты», — деди Жанар Акаев.

«Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, энергетика тармагындагы коррупцияга байланышы бар делген Алексей Ширшов кечээ эртең менен камакка алынгандыгын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирген.

УКМК кызматкерлери «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик имараттарды жеке менчикке чыгарып кетүүгө байланышкан кылмыш иштерди иликтөөнү баштаган. Анын жүрүшүндө, ири ишкерлер сот кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, 56 кымбат балуу батирди, 27 коттеджди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетишкени аныкталган.

Бул ишке Ысык-Көл облустук жана райондук, Бишкек шаардык, Чүй облустук сотторунун, Жогорку Соттун, ошондой эле Президенттин аппаратынын, Мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым адамдарынын да катышы бар экени тастыкталган. Тергөө учурунда бул коррупциялык схеманы уюштуруучулардын башында Алексей Ширшов турганы да белгилүү болгон.

10-май кечинде Алексей Ширшов 26-майга чейин үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM