Биз менен байланышыңыз

Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөөчү комиссия түзүлө элек

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 236 | 0

Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүүнүн жол-жобосу эми иштелип чыгат. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Ошондой эле жол-жоболору аныкталганда ал боюнча маалымат расмий жарыялана турганы кошумчаланды.

Учурда Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлө элек.

Президент Садыр Жапаров 2017-жылдын 16-январында болгон Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлүп жатканын айтып, жигердүү жарандарды, иликтөөчү журналисттерди, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн катарга кошулууга 8- майда Фейсбук баракчасы аркылуу чакырган.

Иликтөөгө катышууну каалагандар Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовго 0(312) 62-50-26 номери аркылуу байланышуусу керек.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Түркиянын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы аэропортко жакын жайгашкан Дача-СУ айылына кулап, бир нече үйдү басып калган. Кырсыктан 39 адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM