Биз менен байланышыңыз

Олег Попиков Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 574 | 0

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев ишинен кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бошогон орунга Олег Попиков дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Жамалбек Ырсалиев «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын директору кызматына барды. Ишкананын ага чейинки жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде бошотулган.

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри кызматына 2020-жылдын ноябрь айында дайындалган. 2021-жылдын сентябрь айында ошол кездеги мэр Айбек Жунушалиевдин буйругу менен Биринчи Май районунун акими болуп которулган. Ушул жылдын 25-мартында вице-мэр кызматына кайра келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM